KG

Америка Соода Палатасы жана «Бэнчмарк Аудит» ЖЧК

«Бэнчмарк Аудит» ЖЧКсы – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган көз карандысыз аудитордук компания. Компания Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Аудиторлордун, уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин «Коомдук кызыкчылыкты көздөгөн субъекттерди жана ири ишкердик субъекттерин аудиттөөгө уруксаты бар аудитордук уюмдардын реестринин» 4-бөлүгүнө киргизилген.

«Бэнчмарк Аудит» ЖЧКсы КР «Аудиторлор палатасынын» ассоциацияланган мүчөсү болуп саналат. Компания төмөнкү багыттар боюнча адистешип, бизнестин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, жөнгө салуучу органдардын талаптарына шайкештикти камсыздоого жана маалыматтарды коргоого өбөлгө түзөт:

  • ФБЭС боюнча финансылык аудит — менчик ээлери, инвесторлор жана жөнгө салуучу органдар үчүн финансылык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн тастыктоо.
  • AML/Комплаенс-аудит — КК/ТФ (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга/Терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү) тобокелдиктерин, ички контролдун натыйжалуулугун жана улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештикти баалоо.
  • Маалыматтык коопсуздук аудити — АТ-процесстерин жана инфраструктурасын текшерүү, алсыз жактарын аныктоо жана маалыматтарды ишенимдүү коргоону түзүү.
  • Юридикалык коштоо — бүтүмдөрдү структуралаштыруу, документтерди даярдоо, кызыкчылыктарды коргоо жана бардык этаптарда тобокелдиктерди минималдаштыруу.

Компаниянын адистеринин долбоорлору тармактардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде өнөр жай, курулуш, финансы секторун, ошондой эле мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдарды камтыйт.

AmCham’га кош келиңиз!